Иран Ош шаарына спорт-комплекс куруу үчүн
1 миллион доллар бөлүп берет
Ош шаарында спорт-комплекс куруу үчүн Иран 1 миллион доллар бөлүп берет. Мындай жардам ушул жылдын июль айында кол коюлган Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылууда. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы маалымдагандай, курулуш иштерине 70 пайыз кыргыз жарандары тартылса, жумушчулардын 30 пайызын ирандыктар түзмөкчү.