Түркияда чет элдик аял видеосабактардын жардамы менен көз жарды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы америкалык Тиа Фримен Түркиядагы мейманканалардын биринде YouTube`дан көргөн видеосабактардын жардамы менен аман-эсен көз жарды.
Белгилүү болгондой, Фримен кош бойлуу экенин кеч билген. Ал көз жарганга чейин Германияга барып эс алып келүүнү пландап жаткан, бирок Стамбулга келгенде Фримендин толгоосу башталган. Алгач ал эмне болуп жатканын түшүнбөй, учакта жеген балыкка ууландым деп ойлогон. Бирок интернеттен маалыматтарды издеп, толгоосу башталганын билген.
"Көз жарарыма аз гана убакыт калганын билгенде, интернеттен видеосабактарды көрүп дарыгерлердин жардамысыз эле төрөөнү чечтим. Анын үстүнө мен дарыгерлер менен алардын тилинде сүйлөшө албайт болчумун. Мен интернеттен көргөн сабактарды туура жана так аткарып, өз алдымча аман-эсен көз жардым", - деп билдирген Фримен.
Тиа Фримен ваннаны сууга толтуруп, ошол жакта көз жарган. Бала төрөлгөндөн кийин аны жуунтуп, эмизип уктатып, өзү да уктап калган. Эртеси ал жаңы төрөлгөн баласы менен АКШнын элчилигине кайрылып баласына төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк алган. Дарыгерлер эненин жана баланын ден соолугунун абалы жакшы экенин билдиришкен.