Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат спорттук клуб (фото)

Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат спорттук клуб болуп "Centuryon" эсептелет. Аталган клубдун спорт залдары Кытайда жана Вьетнамда бар. Аталган спорт клубуна баруу үчүн жылына 32 миң доллар төлөө шарт.

Спорттук клубдун негиздөөчүсү жана директору Рэнди Добсондун айтымында акчасы бар бай адамдардын спорт менен машыгуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Клубдун босогосун аттаган адам чарчаганын билбей калат.

Айымдардын дааратканасына барган адам сулуулук салонуна түшүп калгандай эле болот.

Эң кымбат спорттук клубга кирүү оңой эмес, кардарлар атайын биометрикалык кароодон соң гана имараттын ичине кире алышат.

Йога үчүн атайын зал каралган. Кардардын каалоосуна жараша машыгуу үчүн өзүнчө бөлмөлөр дагы бар.

Эс алуучу зал. Клубдун ар бир мүчөсү өзү менен 1 конок ээрчитип келүүгө укугу бар.

Бассейндин үстүндө илинип турган асма чырактар атайын кымбат балуу асыл таштар менен кооздолгон.

Бир адамга арналып жасалган атайын душту сауна, муздак бөлмө, мончо катары да колдонсо болот.

Машыгып чарчаган соң кардарлар эс алуучу бөлмөдө музыка угуп же болбосо обон созуп ырдай алышат.

Профессионалдуу октагон.

Машыгуу залдарында кардарлар үчүн дубалдарга телевизорлор орнотулган.

Аталган спорттук клуб өтө кымбат болгонуна карабастан, машыгууга келгендердин саны жыл санап өсүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
haydarkan
2018-04-26 20:14:34
Айнанайыын. 32000$ менин 10 жылда таба турган айлыгымго. Мен он жылда таап бир жылда берип койбоймго. Атасы байлар баратта. Соонун экен бирок
+6
Zainidin96
2018-04-26 20:28:47
4миллион сом болобу ошондо менин 8жылдык айлыгымго бармакмын акча болсо тилеке каршы бизде ушундай залдар болсо барат элем
-7
ludimira
2018-04-26 20:37:31
Жер Казып,суу ташып,чоп оруп Кир жууп ....не айырма бар я.
Свежий воздух,дарыя.
Мага лично мааниде жок
+14
King_Messi
2018-04-26 20:41:09
Мыкты спортчу клубтун кандай экенине карабайт!!
+7
Aidani
2018-04-26 20:50:06
32 мин Акш долларына борбордон бир болмолуу батир келет
+10
Medinaa
2018-04-26 22:22:43
Үй алып алган жакшы
+8
IL Suren
2018-04-26 23:45:11
Квартира келет,дагы башка нерсе келет дейсиңер.Бирок бул клубка 32 миңди 320 же 32 доллардай көргөн адамдар келет да.
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан