Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсян өзү жетектеген "Республикачылдар" партиясынын лидерлигинен кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Серж Саргсян лидерликтен өлкөдө тынчтык орношу үчүн кетип жатканын билдирген. Учурда партия лидерлигине эч ким шайлана элек.
Эске салсак, Серж Саргсяндын премьер болушуна каршы болгон миңдеген эл көчөгө чыгып, эл тарабынан жолдор тосулуп, полиция менен кагылышуулар орун алган. Ушул себептен Саргсян кызматынан кеткенин 23-апрелде жар салган.
Ушул жылдын 17-апрелинде парламент Серж Саргсянды премьер-министрликке жактырган. 2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө жарым-жартылай президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүп, премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган.