Орусиялык ырчы Анжелика Варум "Зимняя вишня" ырынан баш тартты

Орусиялык ырчы Анжелика Варум "Зимняя вишня" ырынан баш тартты. Орусиялык басылмалардын жазып чыкканына ылайык ырчы аталган ырды өз репертуарынан алып салды.

Белгилүү болгондой, ырчы бул чечимге Кемероводогу соода борборунда болгон өрттөн кийин келген.

"Болуп өткөн окуя - бүткүл Орус элинин кайгысы. Ыр өз мезгилинде хит болгон мыкты ыр. Келечекте каргашалуу окуя унутулуп калган мезгилде ыр кайра Анжеликанын репертуарына кайрылышы мүмкүн", - деп билдирген ырчынын жолдошу Леонид Агутин.

Эске салсак, 25-март күнү Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборунда өрт чыккан. 4 кабаттуу соода борбордун жогорку кабаты өрттүн эпицентри болгону айтылган. Ошондой эле жогорку кабатында кинотеатр жана аттракциондору менен балдар ойноочу аянттар болгону маалыматта кошумчаланган. Аны менен катар соода борбордун күзөтчүсү кармалганы кабарланган. 2-апрелде Кемерово облусунун губернатору Аман Тулеев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Ал эми 28-мартта Сот Кемероводогу "Зимняя Вишня" соода борборунун башкы директору Надежда Судденокту 2 айга камакка алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nevestkaa
2018-04-27 10:30:30
Биз кичине кезде радиодон берчү эле ушул ырды.
+2
ulan127775
2018-04-27 15:34:24
Сонун сонун биздин жаш кезибизде хит болчу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан