“Евровидение” сынагынын жеңүүчүсү, ырчы Кончита Вурст айымдын образынан баш тартты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, учурда ал эркектердин кийимин кийип жүргөн ыңгайлуу болуп жатканын билдирген. Көптөн бери көйнөк кийбей калган Кончита Вурст “көйнөк кийгенден тажадым. Учурда мен кадимки эле Томго окшошкум келип турат” деген.
Белгилей кетсек, австриялык ырчы Том Нойвирт Кончита Вурст деген каймана ат менен сакалчан айымдын образында сахнага чыккан. Ал Копенгаген шаарында өткөн “Евровидение-2014” сынагына катышып, жеңүүчү аталган. Ошондой эле Том Нойвирт Кончита Вурст деген образы ага ийгилик алып келгенин жашырган эмес.
Эске салсак, 2017-жылы Том Нойвирт коомчулукка өзүндө СПИД оорусунун вирусу болушу мүмкүн экенин ачыктаган. Ал мындай кадамга өнөктөшү анын дартын элге ачыктайм деп коркутканынан улам айтканга мажбур болгон.