Бүгүн, 27-апрелде Бангладеште өтүп жаткан волейбол боюнча "Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугунда Кыргыз курама командасы коло медаль үчүн күч сынашат.
Дакка шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде 3-орун үчүн Кыргыз курама командасы Непал командасы менен беттешет.
Эске салсак, Кыргыз курама командасы жарым финалдык баскычта Бангладеш курамасы менен кез келген. Анда беттеш 5-бөлүккө чейин созулуп, тай брейкте Бангладеш курамасы 15:13 эсеби менен жеңишти илип кеткен.
Жарым финалдын 2-беттешинде Түркмөнстан менен Непал кездешкен, беттештин жыйынтыгында Түркмөнстандык волейболчулар жеңишке жетип финалга аттанган. Алтын медаль үчүн беттеште Бангладеш менен Түркмөнстан командалары кездешсе, коло медаль үчүн Кыргыз жана Непал курама командалары күч сынашат.