Бүгүн, 27-апрелде Бангладеште өтүп жаткан волейбол боюнча "Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугунда Кыргыз курама командасы 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.
Дакка шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде 3-орун үчүн Кыргыз курама командасы Непал командасы менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө Кыргыз курама командасы 3 бөлүктө тең 25:20, 25:22, 25:20 эсебинде жеңишке жетип коло медалдын ээси болду.
Эске салсак, Кыргыз курама командасы жарым финалдык баскычта Бангладеш курамасы менен кез келген. Анда беттеш 5-бөлүккө чейин созулуп, тай брейкте Бангладеш курамасы 15:13 эсеби менен жеңишти илип кеткен.