Дубайда 8 айлык бала жумушка алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 8 айлык Мухаммед Аль Хашеми жарандык авиацияны башкаруу ишканасында иштеген кызматкердин баласы экени маалым болгон.
Дубайдын жарандык авиацияны башкаруу ишканасы 8 айлык наристени жумушка алган. Маалыматка ылайык, Мухаммед Аль Хашеми үчүн өзгөчө "бакыт боюнча адис" кызматын ойлоп табышкан. Кичинекей кызматкер тартылган видео социалдык тармактарда кеңири тараган. Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул видеого ар кандай сын көз караштагы билдирүүлөрдү калтырганына байланыштуу көп өтпөй видео өчүрүлгөн.
Азыркы тапта "бакыт боюнча адистин" жумушка орношуусу боюнча прокуратура териштирүү иштерин жүргүзүүдө.