"Snapchat" тиркемесин ойлоп тапкан "Snap" компаниясы видеокамерасы бар көз айнектердин экинчи муунун сатыкка чыгарат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, бул акылдуу көз айнектердин мурункудан айырмасы видеого тарткандан сырткары, фотого да тартып, суу астында иштөө кызматы да мыкты өздөштүрүлгөн. Жаңы иштелип чыккан көз айнектин кубаты менен камерасынын эс тутуму жумасына 70 видеоролик тартканга жетет.
АКШ, Франция, Улуу Британия, Канадада бул акылдуу көз айнектер учурда 150 доллардан сатыла баштады. Ал эми Европанын башка өлкөлөрүндө май айында чыгары күтүлүүдө.