super.kg logo

Белгилүү актриса Жамал Сейдакматованын алакан изи "Манас" кинотеатрынын алдындагы аллеяга түшүрүлдү

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматовага "Улуттук кино тармагына кошкон салымы үчүн" атайын "Ак илбирс" статуэткасы ыйгарылды. Сыйлоо аземи бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында орун алды.

Статуэткадан тышкары "Курманжан датка", "Ак илбирстин тукуму" баш болгон бир канча тасмаларга тартылып жана көптөгөн спектаклдерде роль жараткан Сейдакматованын алаканы жана бутунун изи "Манас" кинотеатрынын алдындагы аллеяга түшүрүлдү.

Сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө "Орто Азиядагы мыкты актриса" номинациясы да тапшырылды. Анда өзбекстандык режиссёр Ёлкин Туйчиевдин "Масума" аттуу тасмасында башкы ролду жараткан Шахзода Матчанова аталган наамга татыды.

Ошондой эле "Дүйнөлүк кино тармагына кошкон салымы үчүн" атайын сыйлык менен Казакстандын Эл артисти Нуржуман Ихтымбаев сыйланды.

Белгилей кетсек, "Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи 2012-жылдан тарта өткөрүлүп, кино жаатындагы мыктыларды аныктап келет. Буга чейин "Ак илбирстин" атайын сыйлыгына Кадыржан Кыдыралиев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиев, Нуртай Борбиев, Мар Байжиев жана башкалар ээ болгон.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.04.2018. 00:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
592
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
05-11-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Сыйлыктар кут болсун!Шахзода Матчанова абдан жагат.
28.04.2018. 09:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
03-03-2018
Соӊку аракети:
15-10-2018 18:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамал эже, бактылуу карылык сизге, ден-соолукта, куулу кучту журунуз. Талантынызга таазим. Сыйлык кут болсун.
28.04.2018. 10:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
549
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
08-10-2018 11:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлыгыныз куттуу болсун Жамал эже!Кыргыз искусствосуна чон салым кошкон адамсыз,сиздей залкар инсандар коп болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: