Бүгүн, 28-апрелде борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттеши орун алат.
Анда жарым финалдык баскычта атаандаштарын ири эсепте жеңген Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы менен "Бакубат-Талас" командасы кездешет.
Эске сала кетсек, жарым финалдык баскычта Бишкектин "Арашан" командасы Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасынан 6:2 эсебинде жеңилип калса, Оштун "Көлдүк" командасы "Бакубат-Талас" командасынан 7:0 эсебинде утулган.
Ал эми кечээ, 27-апрелде Бишкектин "Арашан" командасы менен Оштун "Көлдүк" командасы 3-орун үчүн кездешкен. Кызуу беттештин жыйынтыгында "Көлдүк" командасы 3:2 эсеби менен жеңишке жеткен.