Көпчүлүккө "Фантастикалуу төртилик", "Бейишке кош келиңиз", "Күнөөлөр шаары" жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу таанымал америкалык актриса Жессика Альба бүгүн, 28-апрелде 37 жашка толду.
Актриса 1981-жылы 28-апрелде Калифорния штатындагы Помона шаарында төрөлгөн. Көп өтпөй үй-бүлөсү Миссисипи штатына көчүп кетет. Актриса атасы мексикалык, апасында француз каны болгондуктан эл аларды "куураган эмигранттар" деп жаман көрө турганын, бул себептүү ата-энеси оңдуураак жумушка орношо алышпаса, Альбаны мектепте окуучулар дайыма чычалата беришкенин айтып келет.
Кыйынчылык турмушка карабай кичинекей, кыялкеч Альба 5 жашында эле "актриса болом" деп чечкен. 12 жашка чыкканда актёрдук курстарга барып, бир жылдан соң “Адашкан лагерь” фильминдеги биринчи ролуна ээ болгон. Алгач ал жөн гана массовкага кошулуп тартылып жаткан, бирок башкы ролду ойноочу кыз кокусунан ооруп калганда анын чачынын өңү баш каармандыкына окшош болгондугу үчүн бул ролго тандап алышкан.
Кинокарьерасын аябай эрте баштап алган кичинекей актриса бул кесиптин балалык кыялында элестеткендей жеңил эместигине көзү жетет. Ошентсе да “Бай жана атактуу адамдардын катарына кошуучу жалгыз жол ушул” деп ишин таштаган эмес. Чет элдик басылмаларга мектептен келген соң курбуларындай болуп көңүл ачуунун ордуна үй тапшырмаларын даярдап, андан кийин 10 барактан турган сценарий жаттап, машыга турганын айтып берген.
14 жашында күтүүсүз кырсыкка кабылат. Аны “Флиппер” сериалына тартылып жаткан убагында уурдап кетишкен. Ата-энеси киши уурдоочулар талап кылган чоң өлчөмдөгү акчаны төлөп бере алышкан эмес. Бактыга жараша, кызды кокусунан эле машинанын арткы жүк салган жеринен таап алышкан. Ал эми кылмышкерлер болсо ошол боюнча дайынсыз бойдон калган. Ал табылгандан соң бул кылмыш гезиттерге жарыяланып, кызга болгон көңүл буруулар көбөйгөн. Натыйжада, актриса “Беверли-Хилз, 90210” сериалына тартылат. Көп өтпөй эле Жеймс Камерондон “Кара периште” тасмасына тартылуу сунушу түшөт. Бул тасмалардан соң эл оозуна алына баштайт да, 2001-жылы “Эң ысык 100 кыз” тизмесинде биринчиликке ээ болот.
2005-жылы “Фантастикалуу төртилик” аттуу тасмага тартылып жатканда кинопродюсер Кэш Уоррен менен таанышып калат. Экөөнүн мамилеси акырындык менен өнүгүп отуруп, 2008-жылдын май айында баш кошууга алып келген. Учурда жубайлар 3 баланын ата-энеси.
28-апрелдин жылнаамасы.