Топ-Лига-2018: Бишкектик "Илбирс" өз талаасында "Абдыш-Атаны" жеңе алган жок

Бүгүн, 28-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 5-турдук беттештери орун алды. Анда Бишкек шаарында жергиликтүү "Илбирс" командасы канттык "Абдыш-Атаны" кабыл алды.

Футбол борборунун талаасында орун алган беттеште бишкектик команда 0:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Алгачкы голду канттык команда 10-мүнөттө ачты. Анда "Илбирстин" дарбазачысы топко чуркап бара жатып өз командалашы менен сүзүшүп кетип, дарбазаны ачык калтырып койду. Канттык команданын оюнчусу Атай Жумашев мүмкүнчүлүктөн пайдаланып гол киргизди.

1-таймдын кошумча убактысында Камолидин Ташиев таамай болуп, эсепти 2:0гө айлантты. "Илбирстин" оюнчулары эсеп санын өзгөртүүгө аракет кылганы менен гол киргизе алган жок.

Муну менен канттык "Абдыш-Ата" 5 турдун эсебинде 9 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалда 3-орунга көтөрүлсө, "Илбирс" командасы 6 упай менен 6-орунда калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан