Көк бөрү боюнча финалдык беттеште Таластын командасы жеңишти камсыздады

Бүгүн, 28-апрелде борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдешти "Бакубат-Талас" командасы жеңип алды. Финалдык беттеште Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы менен "Бакубат-Талас" командалары кез келишти.

3-таймдын жыйынтыгында таластык команда атаандашынын тай казанына 6 улак таштаса, "Сары-Өзөн" командасы 3 улак таштап жооп берди.

Эске салсак, кечээ, 27-апрелде бишкектик "Арашан" менен Оштун "Көлдүк" командалары 3-орун үчүн кездешкен. Кызуу беттештин жыйынтыгында "Көлдүк" командасы 3:2 эсеби менен жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nurgaz
2018-04-28 21:29:47
Достук командасы жок, булар жыргап ойноптурда. Достук ойногондо корот элек женишти камсыздаганынарды. Достук чемпион.
+5
bayhan
2018-04-28 21:47:36
nurgaz,мен өзү Сары-Өзөнго күйөрман болгон бирок жеңилип калды, Достук болгондо утмак дейсиң өткөндө утулуп калды го, мыктыны мыкты, күчтүүнү үчтүү деш керек да чычалай бербей баарыбыз кыргызбыз.

-6
Arsenal93.
2018-04-28 23:00:13
nurgaz,Таластын экинчи командасы бул олумуш болбо
0
Dembele84
2018-04-28 22:14:13
Достук кыргыз кок борусунун номер биринчи командасы!!!!!
+6
Arsenal93.
2018-04-28 22:35:26
Dembele84,оштуктар учун
-8
janyll
2018-04-28 22:39:22
Arsenal93., болунбо, акыйкатты айтса ыйлайсында
+6
monkey92
2018-04-28 22:30:48
Достук эле достук дейсиңер. Кичине ойлонсоңор. Атыңар күчтүү жеңип алды дейсиңер, ат даярдагыла да. Көк бөрүнү эшек менен тартмак беле анан кичине саяпкер деген аттарды таптайтта атайын даярдап. Биздин балдар күчтүү Манас бар дейт бирөө. Бир оюнчу эмнени чечет эле? Достук болсо бүгүн Таласты жеңмек дейт бирөө, ой тууганым бул балдар жаңы команда. Калыс тартып койду дейт дагы бирөө, утулуп жаткан адамдын нерви көздү сокур кулакты дүлөй кылат анан сен оюнду кантип кормок элең? Ынтымактуу бололу.
-2
bayhan
2018-04-28 22:41:20
monkey92,туурасын айттың, өткөндө калыс тартпай эле, достук улактын шыйрагынада жеткен жокко.
-1
Chagylgan1
2018-04-28 23:32:11
bayhan, эсеп 2:1 болду. Достук улактын шыйрагына жетпесе, Достук учун сенин чон атан салып бердиби?!!

Как будто 20:0'го утуп алгансып суйлопсун го...

Кичине реалист болчу, Мотуев агана окшоп соктура бербей.....
+6
bayhan
2018-04-29 00:40:08
Chagylgan1,акылың болсо Атага асылба,жыл сайын эле достук утулуп жүрөтко, анан кайдагы номер бир, номер бир бул ынтымак жыл сайын утат.экинчи тантырап Атаны кошпой сүйлө боосуган кыз Апасын коркутат болуп, утулуп калып бизди коркутпай.


-1
Mina24
2018-04-29 01:25:59
Спортто кучтуусу кана женип келген алар кыргыздын балдары да достук ынтымак бул биздин каманда да же казакстандан келдиби
андай мындайды токтоткула бир женден кол бир жаккадан баш чыгарып ички ынтымакты бекемдейли бир муштумга туйулуп
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан