"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү, дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктаган Билл Гейтс сасык тумоого каршы дары-дармек чыгаруу үчүн 12 миллион доллар каржылайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Гейтс мындай планы тууралуу Массачусетсте өткөн медициналык каатчылыктын жыл сайын боло турган жолугушуусунда билдирген.
"Биз 12 миллион долларлык "Улуу чакырык" аталышындагы долбоорду иштеп чыктык. Мунун негизги максаты - сасык тумооонун алдын алуу же андан тез айыгуучу мыкты дары-дармектерди чыгаруу" деген ал.
Чет элдик басылмалардын жазгандарына таянсак, учурда Билл Гейтстин байлыгы 90 миллиард доллардан ашат. Ал ар дайым кайрымдуулук менен алектенип келгендиктен, 31 миллиард доллардан ашуун байлыгын муктаж болгондорго жумшаган.