Түркияда 315 грамм ачуу калемпир жеген киши сынактын жеңүүчүсү болду

Түркиянын Анталия шаарында ачуу калемпир жеген боюнча XIX фестивалда жергиликтүү тургун 315 грамм ачуу калемпир жеп, жеңүүчү аталды.Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, фестиваль жыл сайын өткөрүлүп келет. Фестивалдын алкагында мелдеш уюштурулуп, ага 18 киши катышкан. Сынактын шарты боюнча катышуучулар 3 мүнөттүн ичинде ачуу калемпирди мүмкүн болушунча көп жеш керек болгон. Ошондой эле аларга айран ичкенге, помидор жегенге уруксат берилген.

Мелдештин жеңүүчүсү деп жергиликтүү Хасан Оздил аталган. Ал 3 мүнөт аралыгында 315 грамм ачуу калемпир жеген. Ал эми экинчи орун 299 грамм калемпир жеген Хусейин Акшитке буюрса, үчүнчү орун Мехмет Атешке ыйгарылган. Ал 279 грамм ачуу калемпир жеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dalil
2018-04-29 10:23:14
315 грамм жептир азамат. Эми анын жообу бар. Арт жактын кызыл чырагы күйүп калбаса болду эми.;)
+18
Benazir08
2018-04-29 11:43:00
Кок калемпир анча деле эмес. Кызылы кучтуу ачык
+1
rysik79
2018-04-29 13:41:43
Олуп калбаса болду.
+1
Tolkun555
2018-04-29 20:54:02
Кандай кирсе ошондой чыгат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан