Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн убактысын теңдөөнү каалай тургандыгын билдирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Сеулда башка, Пйоңйаңда башка убакыт көрсөтүп турганы өкүндүрөт. Мындан улам эки өлкөнүн сааты бирдей убакытты көрсөткөндөй кылып өзгөртүү керек", - деген ал.
Белгилей кетсек, учурда Түндүк Кореянын убактысы Түштүк Кореядан 30 мүнөткө артта калган.
Белгилей кетсек, 27-апрелде жогоруда аталган эки өлкөнүн лидерлери алгачкы ирет жолугушуп, жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушуудан соң эки тараптын ортосунда тынчтык келишимине келүү жана өзөктүк куралдан арылуу тууралуу макулдашуу болгону жарыяланган.