АКШнын Огайо штатында көпөлөк уурдоого аракет кылган аял камакка алынды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Огайо штатынын 36 жаштагы тургуну Жейми Ревис жергиликтүү оранжереяга барып, көпөлөк уурдоого аракет кылган. Бирок анын кытмыр ишин сатуучу байкап калып, алдынан тосуп чыккан. Оранжереяда видеокөзөмөл коюлгандыктан, Жейми Ревистин кылган аракеттери видеого тартылып калган.
Бул окуядан кийин Жейми Ревис уурулукка шектүү катары кармалган. Бирок ал күнөөсүн моюнуна алган эмес.