Орусиялык мушкер Фёдор Емельяненко Чикагодо өткөн оор салмак категориядагы "Bellator" беттешинде атаандашы, америкалык мушкер Фрэнк Мирдин үстүнөн жеңишке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Емельяненко атаандашына карата техникалык сокку жасап, алгачкы раундда эле жеңишке жеткен. Бул 41 жаштагы орус мушкеринин карьерасындагы 37-жеңиш катары саналып калды. Ал буга чейинки беттештерден болгону 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми 38 жаштагы америкалык мушкер буга чейин 18 жеңишти баштан өткөргөнү менен, 12 жолу жеңилүү ызасына дуушар болгон.