Түркияда футбол фанаты оюн көрүү үчүн атайын кран жалдады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Футбол боюнча Түркиянын чемпионатынын 2-дивизионундагы "Денизлиспор" - "Газиантепспор" командаларынын беттешине "Денизлиспор" футболдук клубунун күйөрманы кран менен келген.
Белгилүү болгондой, аталган күйөрманга футболдук клубдун стадионуна кирүүгө 1 жылга тыюу салынган. Бирок күйөрман сүйүктүү командасынын оюнун өткөрүп жибергиси келбей өзгөчө жолду ойлоп тапкан. Ал атайын кран жалдап, оюндун жүрүшүнө өзүнүн өзгөчө ордунан көз салып турган.
Мындай жол менен күйөрман оюнга да күбө болуп, ага салынган тыюуну дагы бузган эмес. Оюндун жыйынтыгында "Денизлиспор" 5:0 эсебинде жеңишке жеткен.