5-майда футзал боюнча Өлкө чемпиондугунун Биринчи Лигасындагы мелдеш старт алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 5-майдан 9-майга чейин уланып, Жалал-Абаддын Сузак айылындагы "Ат-Чабар" спорт комплексинде орун алат. Мелдеште өлкөнүн бардык аймактарынан 8 команда келип, чемпиондук үчүн күч сынашмакчы.
Мелдешке катыша турган командалар:
"Строй-Мир" (Бишкек шаары)
"Ырыс" (Сузак айылы, Жалал-Абад)
"Ынтымак" (Сузак айылы, Жалал-Абад)
"Саламат" (Ысык-Көл облусу)
"Аккула" (Нарын облусу)
"Газпром" (Талас облусу)
"Ынтымак" (Баткен облусу)
"Мухаммед Умар" (Ош шаары)