ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: Актёр Жейми Дорнан 36 жашка чыкты. Грей мырзанын сиз билбеген кырлары

Айымдардын жүрөгүнөн түнөк таап, көпчүлүктүн сүйүктүү актёруна айланган Жейми Дорнан 1982-жылы Түндүк Ирландияда жайгашкан Голивуд шаарында жарык дүйнөгө келген. Дүйнөгө атагын чыгарган "Грей мырзанын 50 кыры" тасмасына тартылганга чейин бир канча тасмаларда роль жаратып ошону менен бирге эле моделдик кесипти аркалап келген. Грей мырза тууралуу кызыктуу фактылардын топтому назарыңыздарда.

Белгилүү актёр 16 жашында апасынан ажырап, терең депрессияга түшүп, көп жыл бою дарыланган. Атасы Жим Дорнан акушер болуп эмгектенет.Жейми Донан өзүнүн атасы менен

Өспүрүм кезинде актёр "Sons of Jim" тобунда гитарада ойногон. Бош убактысында актёр ырдагандан жана гитарада ойногондон ырахат алат.

Дорнан бала чагында белгилүү спортчу болууну кыялданчу. Мектепте окуп жүргөн мезгилинде регби оюнун мыкты ойногон.

Актёр эң алгач "Мария Антуанетта" тасмасында роль жаратып, өзүнүн карьерасын баштаган.

Жейми Дорнан роль жараткан эң алгачкы сериал бул "Бир жолу жомокто" эсептелет. Анда Дорнан шерифтин образын жараткан.

Актёрдук карьерасы башталганга чейин Дорнан модель болуп эмгектенген. Ал белгилүү "Dior Homme", "Aquascutum", "Armani", "Ermenegildo Zegna", "Hogan" жана "Calvin Klein" аттуу брендердин жарнамаларына тартылган.

"Heat Magazine" журналы 2015-жылы Жейми Дорнанды эң сексуалдуу мырза деп тапкан.

Дүйнөгө атагын чыгарган "Грей мырзанын 50 кыры" тасмасындагы ролу үчүн Дорнан "Эркектин эң жаман ролу" номинациясында "Алтын малина" сыйлыгына татыган. Көпчүлүк кино сынчылар аталган тасмага болгон көптөгөн сын-пикирлерин билдиргенине карабастан, тасма жана андагы башкы каармандардын образын жараткан актёрлор популярдуулукка ээ болушкан.

Дорнан Амелия Уорнерге 2013-жылы 27-апрелде үйлөнгөн. Азыркы тапта жубайлардын ортосунда Далси жана Элва аттуу кыздары бар.

Дорнан жөнүндө эң кызыктуу факт деп анын бир дагы социалдык тармакта баракчасы жок экенин айтууга болот.

1-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан