Түндүк Корея убактысын Түштүк Кореяныкына теңдейт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Корея Демократиялык Республикасынын бийлик өкүлдөрү өзүнүн убактысынан баш тартып, Түштүк Корея менен убактысын теңей турганын билдирди. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 30 мүнөттүк убакыт 5-май күнү теңделет.
"Ким Чен Ын башка иштерди баштоодон мурда эки өлкөнүн убактысын теңдеш керек экенин билдирип, ушул чечимди кабыл алды", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн убактысын теңдөөнү каалай тургандыгын билдирген.
Белгилей кетсек, 27-апрелде жогоруда аталган эки өлкөнүн лидерлери алгачкы ирет жолугушуп, жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушуудан соң эки тараптын ортосунда тынчтык келишимине келүү жана өзөктүк куралдан арылуу тууралуу макулдашуу болгону жарыяланган.