Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 50 жылдыгына карата футзал боюнча эл аралык мелдеш өттү

Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын футбол кафедрасынын 50 жылдыгына карата футзал боюнча эл аралык мелдеш орун алды.

Аталган мелдеште жалпы 8 команда күч сынашып, алардын ичинде кореялык команда дагы болду. Мелдештин финалдык беттешинде Дене тарбия академиясы жана Юридикалык академиянын командалары кез келишти. Кызуу беттештин жыйынтыгында Дене тарбия академиясынын студенттери 3:1 эсебинде жеңишке жетип, 1-орунду жеңип алды.

3-орун үчүн беттеште Эл аралык "Ала-Тоо" университети менен Бишкек мамлекеттик университетинин командалары кез келишти. Командалар негизги убакытта жеңүүчүнү аныктай албай, беттешти пенальтилер сериясы менен жыйынтыктады. Анда "Ала-Тоо" командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетип, 3-орунду багындырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан