Бүгүн, 1-майда Арменияда премьер-министрди шайлоо өтөт.
Армениянын мыйзамына ылайык, премьер-министрди парламент депутаттары шайлайт. Өкмөт башчылыкка келүү үчүн 105 депутаттын жарымынан көбүнүн, тагыраагы, 53 депутаттын добушуна ээ болуш керек. Парламенттеги башкаруучу "Республика" партиясы премьер-министрликке талапкер көрсөтпөй турганын билдирди. Азырынча жалгыз талапкер оппозиция лидери Никол Пашинян. Учурда Армениянын парламентинде бийликтеги "Республика" партиясынын 58 депутаты бар. Оппозициядагы 47 депутат Пашиняндын талапкерлигин колдой турганын билдирген. Пашинян премьер-министрликке келүүсү үчүн кеминде 6 "республикачы" депутаттын колдоосуна ээ болушу керек.
Эске салсак, Арменияда бир нече аптадан бери бийликке карата нааразычылык митингдери болуп өтүүдө. Миңдеген митингчилер 2008-2018-жылдары өлкөдө 2 ирет президент болгон Серж Саргсяндын жана анын партиясынын саясатына каршы чыгышууда. Саргсян Конституцияны өзгөртүү жолу менен премьер-министрдин укуктарын жогорулатып, ушул жылдын 17-апрелинде өкмөт башчы болуп шайланган. Элдик толкундоолордон кийин ал аталган кызматты тапшырган.