Америкалык порноактриса Сторми Дэниэлс АКШнын президенти Дональд Трампты кайрадан сотко берди. Бул тууралуу анын адвокаты Майкл Авенатти социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалым болгондой, актриса бул ирет Трамптан Твиттердеги баракчасына жазган билдирүүсү үчүн жооп берүүнү талап кылган.
"Трамп 18-апрель күнү социалдык тармактагы жеке баракчасына Сторми Дэниэлсти калпычы катары сыпаттап жазганы үчүн биз аны кайрадан сотко бердик", - деп жазган адвокат.
Айта кетсек, буга чейин да Сторми Дэниэлс Трампты сотко бергенин айтып чыккан. Анда ал экөөнүн ортосунда болгон "мамилени" ачыктабоо үчүн түзүлгөн документтен улам келип чыкканы кабарланган. Мындай келишим 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоо кампаниялары жүрүп жаткан учурда түзүлгөн. Порноактриса бул келишимге Дональд Трамп өзү эмес, анын жактоочусу Майкл Коэн кол койгонун айтып, келишимди жараксыз деп табууну соттон талап кылган. Бирок көп өтпөй президент соттон порноактрисаны утуп алганы тууралуу маалымат тараган.