Белгилүү дизайнер Жудит Лейбер жолдошу каза болгондон бир канча саат өткөн соң көз жумду

Белгилүү дизайнер, сумка, парфюм жана аксессуар чыгарган "Judith Leiber" брендинин негиздөөчүсү Жудит Лейбер жолдошу каза болгондон бир канча саат өткөн соң көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, дизайнер 28-апрель күнү Нью-Йоркто 97 жаш курагында дүйнө салган. Ага чейин бир канча саат мурда 72 жыл бирге өмүр сүргөн жолдошу Жерсон Лейбер көз жумган. Жубайлардын өлүмү тууралуу маалымат кечээ, 30-апрелде гана коомчулукка жарыяланган.

Айта кетсек, дизайнердин атын алып жүргөн бренддин сумкаларын АКШнын белгилүү айымдары, мурунку биринчи ханайымдар Барбара Буш, Хиллари Клинтон, британиялык ханыша Елизавета II, белгилүү ырчы, актрисалар Женнифер Лопес, Эмили Блант жана башка бир топ атактуулар көтөргөн. Ошондой эле айрым сумкалар Лос-Анжелес менен Лондондогу музейлерден орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Zainidin96
2018-05-01 10:47:53
Бизгеда ушул жашка чыкканды кудайым насип этсин ИншАллах
+11
Nevestkaa
2018-05-01 11:08:54
Кинодо эмес жашоодо да болот экен да ушундай өлүм,5-сүрөттө сумкада арабча жазуу турабы?
-2
tursunbaev78
2018-05-01 11:49:48
Nevestkaa,каерден көрүп атасың арабчаны?беш аялдын сүротү турат менимче
-1
fantomas
2018-05-01 12:16:48
Nevestkaa, арабча жазуу эмес ал.
+2
only_progress
2018-05-01 11:47:20
Чыныгы суйуу. Бири бирин катуу суйушкон го. Куйоосунун олумун которо албаган болсо керек.
+7
Merelisha
2018-05-01 15:02:34
nevestka, Ооба сары сумкада окшошуп кетет экен. балким ..
+1
Mydearzh
2018-05-01 17:26:54
5-суроттогу чын эле арабча жазууга окшошуп кетет экен.
Бирок, ал арабча эмес да...
0
Bale
2018-05-01 23:13:58
ал арабча эмес ал Манжалар. үстү жанынан караганда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан