Футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин кубогу Орусияга келди

Футбол боюнча Дүйнө биринчилиги-2018 кубогу Орусиянын Владивосток шаарына келди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 1-майдан тарта кубоктун дүйнөлүк трофи-турунун 3-айлампасы башталат. 1-2-майда Владивосток шаарындагы борбордук аянтта көргөзмөгө коюлуп андан ары 8 шаарга алып барылат. Алар: Новосибирск, Екатеринбург, Самара, Казань, Нижний Новгород, Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург жана Москва шаарлары.

Айта кетсек, буга чейин футбол боюнча Дүйнө кубогунун трофи-турунун 1-айлампасынын алкагында, 2017-жылдын 9-сентябрынан 27-ноябрына чейин Орусиянын 15 шаарында болгон. 2-айлампада дүйнө жүзүндөгү 50дөн ашык мамлекетке көрсөтүлүп, 5-февралда Бишкекке алып келинген.

Эске салсак, Футбол боюнча Дүйнө биринчилиги-2018 Орусиянын 11 шаарында 14-июндан 15-июлга чейин орун алмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
murat17
2018-05-01 13:55:54
алга Германия
+1
Bekonazar
2018-05-01 16:25:56
Португалия же Испания алат буйруса Криш же Рамос
-1
Avtandil.
2018-05-01 21:59:06
Нижний Новгород деп которбой жазган туура деп ойлойм жер-суу аттарын. Айтайын дегеним, кайсы бир жерден окуп калдым эле Томонку Новгород деп жазылганын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан