"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс АКШнын президенти Дональд Трампка илимий кеңешчи болуу сунушунан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Гейтс өзүнүн интервьюсунда АКШнын президенти Трамп менен жолугуп, сасык тумоого каршы универсалдуу эмдөөнү ойлоп табуу үчүн 12 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр экенин билдиргенин айткан.
"Трамп биздин сүйлөшүүдөн кийин азык-түлүктөрдү жана дары-дармектерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Скотт Готлейбге чалып "универсалдуу эмдөө иштеп чыгуу мүмкүнбү" деген суроо узатты. Мен "балким илимий кеңешчи дайындап алсаңыз бир аз жеңил болот" деп айттым. Ал эми президент ага илимий кеңешчи болууга көз карашым кандай экенин сурап сунуш киргизди, бирок мен баш тарттым", - деп билдирген Гейтс.
Буга чейин илимий кеңешчи кызматын 2009-жылдан тартып 2017-жылга чейин Жон Холдрен ээлеп турган. Барак Обама өлкө башчылыгынан кеткенден кийин Трамп бул кызматка эч кимди дайындаган эмес.