Индияда үйлөнүп жаткан жигитке ок атылып көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 25 жаштагы Суннил Верма коноктордун курчоосунда отурган мезгилде ага ок атылган. Бул учур видеого түшүп калган. Видеодон алынган сүрөттө көрүнүп тургандай, Верманы кызгылт сары түстөгү көйнөкчөн адам аткан.
Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү адам изделүүдө.