1-майдан 2-майга караган түнү футбол боюнча эң беделдүү мелдеш Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук беттеши орун алат. Анда Испаниянын Мадрид шаарында жергиликтүү "Реал Мадрид" өз талаасында германиялык "Бавария" футболдук клубун кабыл алат.
Дөө-шаа командалардын алгачкы беттеши Мюнхенде өтүп, анда 2:1 эсебинде "Реалдын" жеңиши менен аяктаган. Беттештин жүрүшүндө "Реал" 0:1 эсебинде жеңилип атып, 1-таймдын аягында Марселонун голу менен эсепти тең кыла алган. 2-таймда Зидандын шакирттери мыкты чабуул уюштурушуп, Марко Асенсионун голу менен жеңишке жеткен.
Беттештен кийин Зинедин Зидан жыйынтык менен канааттанганын айткан. "Алгачкы мүнөттөрдө баштан бир топ кыйынчылыктарды өткөрдүк деп айтса болот. Бул беттештин жыйынтыгы менен жеңишти камсыздадык десек болбойт. "Бавария" жооптук беттеште жеңишти илип кетиши мүмкүн. Биз Мюнхенде 2:1 эсебинде жеңишке жеткенибизге кубанычтабыз", - деген ал.
Өз талаасында 25 беттеште жеңилүү ызасын тартпай келген Германиянын чемпиону бул ирет алгачкы таймда эле Роббен менен Боатенгди жоготуп алганына байланыштуу бир топ кыйынчылыктарга ээ болгон. Бирок бул көйгөйгө карабай Юпп Хайнкестин шакирттери 2:1 эсебинде жеңилип жатканы менен бир нече кооптуу абалды жаратып, гол киргизүүгө мүмкүнчүлүктөргө ээ болчу. Кээ бир учурларда сол канаттан чабуулдарды курчуткан Риберинин соккулары таамай болбой калса, кээде Кейлор Навас командасын сактап жатты. "Биз "Реалга" 2 голду белек кылып алдык. Өзүбүз мыкты чабуулдарды жүргүзүп жатканыбыз менен таамай боло алган жокпуз. Ошондой эле Роббен менен Боатенгдин жаракат алып калышы биз үчүн чоң көйгөй болду. Бизде дагы мүмкүнчүлүк бар, алдыда 90-мүнөттүк беттеш күтүп жатат", - деп айткан беттештен кийинки маалымат жыйында "Бавариянын" машыктыруучусу Юпп Хайнкес.
"Реал Мадрид" (Испания) - "Бавария" (Германия)
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 2:1
Стадион: "Сантьяго Бернабеу" (Мадрид шаары)
Калыс: Жюнейт Чакир (Түркия)
Башталышы саат 00:45 (Бишкек убактысы боюнча).