Бангладеште 10 жашар кыз 90 жаштагы кемпирдей көрүнөт

Бангладештин Таклима Нит аттуу тургуну болгону 10 жашта. Бирок анын сырткы келбети 90 жаштагы кемпирдей көрүнөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Таклима Нит сейрек кездешүүчү оору менен жабыркайт. Тагыраагы, организмдин тез картайып, чачтары жана тиштери түшүп кетүүчү дарт менен жабыркап келет. Ал 13 жашка чейин гана жашай аларын дарыгерлер билдиришкен.
10 жашар кыз 3 жылдык өмүрү калганын билет. Андыктан акыркы мүнөттөрүн жакындарынын жанында кызыктуу өткөрүүгө аракет кылып келет. Мисалы, катардагы балдардай эле мектепке барып билим алат. Көчөдөгү балдар менен чогуу ойнойт. Бирок эң жакын курбулары деп бир тууган эжелерин эсептейт.
Баса, Таклима Нит өзгөчө талантка ээ. Тактап айтканда, ал сүрөт тартууга жөндөмдүү. Ошондой эле боёнгонду жактырат. Жадакалса анын өзүнүн косметикалык каражаттар топтому бар. Эжелери дайыма кына менен сүрөт тартып берүүсүн суранышат.
Таклима Нит баарынан да атасы менен ойноп, убакыт өткөрүүнү жактырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Okunboim.
2018-05-01 20:26:52
Боорун ачыйтко..
+10
Mydearzh
2018-05-01 20:57:02
Журогум...
Ушундайларды окуп "Буларда эмне куноо"- дейсин да аргасыздан. Жараткандын берген сыноосудур.
Оз жашообузга шугур кылганды уйронолу...
+18
aydinnur
2018-05-01 21:36:45
Ап байкуш наристе (((
+12
bond02
2018-05-01 21:56:38
качан олоорун билип жашаганы кандай окунучтуу.
+11
Medinaa
2018-05-01 22:24:35
Жаным десе (Балалыктын доорун сүрбөй,өлүмүн күтүп...
+5
muslim87
2018-05-01 22:50:12
Аллахым ар пендесине ар кандай сыноо берет жана ал сыноодо сөзсүз жакшылык бар. Бул кыз кыямат күнү Аллах Таала менен кадимкидей эсептешет,жалган дүйнөдө сен мага өмүр бербедиң, сулуу келбет бербедиң, бекем денсоолук бербедиң ошолорду берсең сага ибадат кылат элем. Аз өмүр бердиң ибадат кылалбай калдым эми бейишке киргиз деп эсептешет Аллах Таала менен. Биз эсептеше албайбыз анткени Аллах Таалага шүгүр бардык мүчөбүз түгөл денсоолук мыкты, акыл эс жайында бирок ошого шүгүр кылбайбыз намаз окубай
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан