Интернет колдонуучулар орус ырчысы Филипп Киркоровду "Эл артисти" наамынан ажыратууну талап кылышууда. Буга ырчынын жакында эле жарык көргөн "Цвет настроения синий" аталышындагы ырынын клиби себеп болгон.
Белгилүү болгондой, интернет колдонуучусу Антон Тихонов Орусиянын президенти Владимир Путин менен маданият министри Владимир Мединскийге петиция жиберүү үчүн кол чогултуп баштаган. Аны бир топ колдонуучулар колдогон.
"Киркоров клибинде адепсиз жүрүм-турумдун элге жайылуусуна салым кошуп, ичимдик ичүүнү да жарнамалайт. Бул Эл артисти наамын алып жүргөн адамдын кыла турган иши эмес", - деп жазган Тихонов.
Белгилей кетсек, Киркоров жакында эле "Цвет настроения синий" деген аталыштагы клибин коомчулукка тартуулаган. Аталган клипке орустун бир топ атактуулары тартылган.