ЖЫЛНААМА, 2-МАЙ: Эки тилде эркин сүйлөй алган англиялык ханбийке Шарлотта 3 жашка толду

Ханбийке Шарлотта, толук аты-жөнү Кембриждин Шарлотта Элизабет Дианасы 2015-жылы 2-майда жарык дүйнөгө келген. Англиянын ханышасы Елизавета II'нин 5-чөбөрөсү, Уильям менен Кэтриндин 2-баласы.

Шарлотта ханбийкени алгач дарыгерлер 24-25-мартта жарык дүйнөгө келет деген божомолдорун айтышкан, бирок бул божомолдор орундалган эмес.

Кэтрин 2-май күнү эртең мененки саат 8:34тө көз жарган. Шарлотта жарык дүйнөгө 3 килограмм 71 грамм салмагында келген.

"Шарлоттанын жарык дүйнөгө келиши - бул өтө чоң бакыт. Ошол эле мезгилде өтө чоң жоопкерчилик", - деп билдирген Уильям.

Кичинекей ханбийкенин коомчулукка жарыяланган алгачкы сүрөтү ханзаада жана агасы Жорж менен түшкөн сүрөтү болгон.

Ханбийке 1 жашка чыккан учурда дүйнөнүн 64 өлкөсүнөн келген түрдүү белектерге ээ болгон. Алардын ичинде британ саясатчысы Дэвид Кэмерон белек кылган Ганс Христиан Андерсендин жомок китеби, ошондой эле "Natural Sapphire Company" ишканасы тартуулаган ак алтындан жана баалуу таштардан жасалган шылдырак оюнчук дагы болгон.

Ханбийкенин 2017-жылы туулган күнүндө жарыяланган сүрөттөгү колго токулган жемпери популярдуулукка ээ болуп, интернетте эң көп изделген кийимге айланган. Шарлоттанын кийип чыккан ар бир кийими, чачына тагылган ар бир кооздугу дароо суроо-талапка ээ болору белгилүү. Муну менен кичинекей ханбийке балдар модасына жаңылыктарды киргизип турат десек болот.

2018-жылдын январь айынан тарта Шарлотта бала бакчага бара баштаган. Ханбийке өзү менен тең балдардан айырмаланып англис жана испан тилдеринде так сүйлөй алат.

Ушул жылдын 19-майында орун алчу ханзаада Гарри жана Меган Марклдын тоюнда Шарлотта гүл чачуучу кыз болору белгилүү болгон. Ал буга чейин таежеси Пиппинин тоюнда гүл чачуучу кыздын кызматын аткарып, гүлдөн жасалган таажысы менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

Ал эми жакында эле жарык дүйнөгө келген инисин көрүү үчүн келген журналисттерге жана жергиликтүү жашоочуларга Шарлотта кол булгалап салам айтып, чыныгы ханбийке экенин дагы бир жолу далилдеген.

2-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medinaa
2018-05-02 06:35:06
Булар "ханбийке","ханзаада"деген статусту сактап калганы жакшы экен.
0
Nevestkaa
2018-05-02 21:20:24
Турмушуң эшек араба ,туулдуң калдың балээге дейт го бизде.Бул кызга туулгандан баштап эле жыргал жашоо экен да шылдырагы да алтындан болсо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан