19-июнда саат 12:40да Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясынын жээгине чыгып калган 1968-жылы туулган М.Калназаровдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. М.Калназаровдун жансыз денесин алып чыгуу иштерине ӨКМнын 2-издөө-куткаруу отрядынан 6 куткаруучу чыгып, жансыз денени шаардык оорукананын өлүкканасына өткөрүп беришкен.