Белгилүү актёр Жеки Чандын кызы көчөгө түнөөгө аргасыз экенин айтып, элден жардам сурады

Дүйнөгө белгилүү актёр Жеки Чандын 18 жаштагы кызы Этта У Чжолинь бир айдан ашуун убакыттан бери көчөдө түнөөгө аргасыз болуп жатканын айтып чыкты. Бул боюнча ал видео кайрылуу жасап, интернетке жүктөгөн.

Маалым болгондой, ал салттуу эмес ориентацияда болгондуктан ата-энеси үйдөн кууп чыккан. Учурда ал 30 жаштагы сүйүктүүсү Энди Отэм менен бирге көчөдө түнөөгө аргасыз. Түгөйлөргө эч ким жардам бербегендиктен алар интернет аркылуу коомчулуктан жардам сурап кайрылышкан.

"Бизге эч ким жардам берүүнү каалабайт. Мындан улам интернет колдонуучуларына кайрылууга аргасызбыз", - дейт алар. Бирок алардын бул кайрылуусу колдонуучулар тарабынан колдоо таппастан, тескерисинче, бир топ сынга кабылган.

Этта У Чжолинь актёрдун никесиз төрөлгөн кызы болгондуктан, ал атасы менен катташпайт. Ал эми Жеки Чан кыздын атасы экенин моюнуна алганы менен, ага жана анын апасына эч кандай материалдык жардам көрсөтпөйт.

Айта кетсек, Жеки Чан учурда тайвандык актриса Линь Фэнцзяо менен бирге түтүн булатып, Жейси Чан аттуу балалуу болгон. Уулу да ата-энесинин жолун жолдоп, тасмаларга тартылып жүрөт.

Жеки Чандын кызы элге кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Canada55555
2018-05-02 08:21:25
Come to Canada Government gives you good support
-1
kechirmeni
2018-05-02 08:23:58
ошондо лезбиянка болуп калабы
+4
AzKumFerDan
2018-05-02 09:15:11
kechirmeni,мм ооба ошондой го.Суйуктусу десе ойлопмун зыңкыйган жигит болсо керек деп.
+9
aszyma
2018-05-02 12:39:13
AzKumFerDan, сүйүктүүсу кыз экенин кантип билдинер. Же жазып коюпбу.
Мен айтаар элем адам баласы эри катын болуп жашаганда сөссүз нике кыйдырыш керек. Никесиз,жаман жолдо жүрүп пайда болгон балдар кээбирлери ушинтип ЛЕСБИЯНКА болуп калат деп уккам. Не үчүн ЕВРОПАДА,АМЕРИКАДА ушундай лесбиянка,гейлер көбүрөөөк. Алардын көбү никесиз төрөлгөн балдар. Ошондуктан Кудай сактасын биринчиден. Экинчиден нике кыйдырып жашагыла. Жашоонор жашыруун болсо да нике кыйдыргыла
-2
kechirmeni
2018-05-02 14:26:03
aszyma, салттуу эмес ориентация дегени ошол да, бала менен бала кызы менен кыз журот дегени
+3
aitowa11
2018-05-02 12:17:53
Жаш болсо, ден-соолугу жакшы болсо элден жардам сурабай иштесин озу
+3
Aseltay
2018-05-02 18:35:44
денен соо туруп уялбайсынбы жардам сурагандан бетпак Жеки Чанга окшоп иштесен 1кунда чыдай албайсынго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан