Орусиялык айым шишкебек бышырган жайда кокусунан 7700 доллар чай пул таштап алып, аны кайра өндүрүүнүн аракетин көрүүдө. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, түбү орусиялык, өзү Францияда жашаган Олеся Шемякова Швейцариядагы шишкебек бышырган жайда бир кружка кофе жана бир кесим торт үчүн кокусунан банктык картасынан 7700 доллар төлөп алган. Айым бул катасын банктан эсеп кагазы келгенде түшүнгөн.
"Банктын эсеп кагазы келгенде көргөн көзүмө ишенген жокмун. Албетте, бул жаңылыштык болчу. Мен ал акчага Францияда бир нече ай жашамакмын", - деген Шемякова.
Анын айтымында, банк жана полиция кызматкерлери да ага жардам бере алышкан эмес. Ал шишкебек бышырган жайдын жетекчилигине кайрылганда акчасын кайрып берүүгө убада беришкен, бирок акыркы убактарда байланышка чыкпай коюшкан.