Армениядагы шайлоодо жеңилген оппозиционер Пашинян тарапташтарын бардык жолдорду жаап салууга чакырды

Армениянын премьер-министрлигине шайланбай калган оппозиция лидери, парламент депутаты Никол Пашинян тарапташтарын 2-майда өлкөнүн бардык жолдорун жаап салууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал миңдеген тарапташтарына кайрылып, "биздин аракеттер жеңиш менен аякташы керек" деп айтты. Пашинян кезектеги митингде өлкөнүн темир жолдору, аэропортко кеткен жолдор жана башка республика ичиндеги өлкөлөрдү байланыштырган негизги жолдор жабыларын билдирди. "Биздин талап элдин жеңишин таануу жана элдик премьер-министрди шайлоо болуп саналат", - деди оппозиция лидери.

Белгилей кетсек, кечээ, 1-майда парламенттеги премьер-министрди шайлоодо Пашиняндын талапкерлигин 45 депутат колдоп, 55 депутат ага каршы добуш берди. Ал бул жогорку кызматка сунушталган жалгыз талапкер болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shadykanov
2018-05-02 09:16:09
Ушинтип атып гражданский согуш башталатда элдин аркасы менен бийлике келип алайын деген деп аткан экенда
+2
nemo2016
2018-05-02 11:43:27
Shadykanov,тусунон корунуп турат жакшылык келбеген адамдай
0
muslim87
2018-05-02 13:10:17
Бул киши элдик лидер эмес экенин бийлик үчүн элин саткан адам экенин бул сөзүндө билдирип коюптур. Жолдор жабылса канча деген карапайым калк кыйналат майда бизнесмендердин товарлары күйөт. Бул аны ойлоп та койбоптур. Бийлике жетүү үчүн карапайым калкты курал кылып атыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан