Индияда жылан чаккандан кийин эмчи-домчуга кайрылган аял уйдун жампасына көмүлүп, иске ууланып каза болду

Индиянын Уттар-Прадеш штатында 35 жаштагы аял жылан чаккандан кийин уйдун жампасына көмүлүп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы Девендри мешке отун чогултуп жатканда жылан чагып алган. Окуя болгондон кийин аял үйүнө келип, күйөөсү менен акылдашып, жергиликтүү эмчи-домчуга кайрылган. Эмчи-домчу аны уйдун жампасына көмсө ууну соруп аларын айткан. Күйөөсү жубайын элдин көзүнчө жампага көмүп, ага бүбү-бакшы мантра окуган. Бирок арадан 75 мүнөт өткөндөн кийин аял каза болуп калган.

"Биз ууга каршы затты колуна таңып көрдүк. Кийин бүбү-бакшынын айтканы менен уйдун жампасына көмдүк. Мен аны каза болуп калат деп ойлогон эмесмин, аялым жашайт, бул аракетибиз оң натыйжасын берет деп ишенгем. Мындай болору такыр оюма келген эмес", - деген күйөөсү.

Жергиликтүү басылмалар Индияда ырым-жырымдарга ишенүү коомдук көйгөй экенин, мындай кадамга эл билим деңгээлинин төмөндүгүнөн барып жатканын жазып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Petrovka
2018-05-02 11:41:54
Жампа эмнеси??
+1
Dembele84
2018-05-02 11:44:36
Petrovka,малдын кыгы
+6
Pandora
2018-05-02 12:29:32
Dembele84,Малдын кыгы болсо,анда газ барда жыландын уусуга олбой эле кыктагы газга ууланып эле каза болдуго аба жетпей тумчугуп.Ошол бакшысынын озунда ошол жампага комуп коцкш керек.
+3
al-abu-kinesz
2018-05-02 11:45:14
Бакшынын озун комуп сала турган экен
+16
sinej
2018-05-02 11:50:09
Эмчи-домчулардын ырым жырымдарынан пайда деле жок. Бизде дагы акыркы убактарда эмчи домчулар толуп кетти. Азыр молдолорун деле эмчи домчу болуп алышкан. Корунгон кооз создор менен элдин курсагын тойгузуп.
+2
meni_kut
2018-05-02 11:51:14
sinej,молдолор деп баарын айтпа
+2
sinej
2018-05-02 12:15:53
meni_kut,
Молдон ким экен? Молдолордун жомогун уккум да келбейт.
-9
Pandora
2018-05-02 12:27:38
sinej,Молдо бул курандагы сурролорду гана окуп дем салып эле койот.Эгер андан артык аракет жасаган болсо ал молдо эмес бакшы болот.Таап бул ал окубайт дем салбайт,чоп даарылар менен адамды даарылайт.
+3
bond02
2018-05-02 11:59:32
уйларга сыйынат да булар, уйдун кыгын отун катары эле жаккыла эми.
+6
ACAH_katagan
2018-05-02 12:13:18
жеткен акмакчылык
+3
Ayida
2018-05-02 12:25:39
Ошол учун козу ачык ордочу Тенирчилерге жолобогула
+5
Rifle_I
2018-05-02 12:29:40
Эч капа болбогула, мындайлар бизде кеңири тараган.
Мага да күйгөн жараатына уйдун богун балчайтып сүйкөп келгендер болгон. Сынган сөөккө төөнүн жүнүн кайнатып ороп, остеомиелит менен да бейтаптарым бар.

Бул "естественный отбор" дегендей эле. 21-кылым, ар бир келесоонун колунда акылдуу телефон болуп калды. Бирок кээ бирлери ушундай жолду тандашат.
+1
fantomas
2018-05-02 13:31:41
Rifle_I, илгери кыргыз эли бугунку медицинадан алыс жашаган убакта эл бубу-бакшы, тамырчы, элдик дарыгерлерге кайрылып келген.

Бирок чынын айтыш керек, арасында бугунку медицина алсыз болгон ооруларды айыктыра алган кучтуу дарыгерлер да болгон, оорулардын сыры менен дары чоптордун касиетин мыкты билген...

Куйук, жылан чагуу мындай турсун, кургак учук, кутурма ж.б. дарттарга дабаа таба алышкан...
0
NeRiNa
2018-05-02 13:06:27
Чын кичине кайним чок басып алганда кайнежем уйдун богуна малып чылап оло суйкогон. Ал бокко туздан сээп. Анан парсанак болгондо ооруканага барышкан.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан