Швециянын белгилүү "IKEA" эмерек компаниясы 75 жылдан бери рынокко өзгөчөлүк киргизди. Тагыраагы, жарым кылымдан ашуун убакыттан бери үй эмеректерин чыгарган компания биринчи жолу кийимдер коллекциясын чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, кийимдер коллекциясын англиялык белгилүү дизайнер Уильям Хант колго алган. Ал кийимдерди эмеректерге колдонулган кездемеден тиккен. Мындай жаңылык адамдар өздөрү чийип алган стандарттан чыгуусу үчүн жасалганын компаниянын өкүлдөрү билдирген.