Бүгүн, 2-майда АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын 5-турунун алкагында Оштун "Алай" футболдук клубу конокто түркмөнстандык "Алтын-Асыр" менен беттешет.
Аталган беттеш Түркмөнстандагы Балканабат атындагы стадиондо орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 18:30да старт алмакчы.
Эске салсак, 25-апрелде 4-турдун алкагында оштук "Алай" тажикстандык "Истиклол" командасын Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо кабыл алган. Беттештин жыйынтыгында Оштун "Алай" командасы 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.
4 турдун жыйынтыгында "Истиклол" 13 упай менен турнирдик жадыбалдын башында жайгашса, 8 упайга ээ болгон "Алтын-Асыр" 2-орунду, 4 упай топтогон "Ахал" 3-орунду, ал эми упайсыз "Алай" 4-орунда жайгашкан.