2-майдан 3-майга караган түнү футбол боюнча эң беделдүү мелдеш Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук беттеши орун алат. Анда Италиянын Рим шаарында жергиликтүү "Рома" англиялык "Ливерпуль" футболдук клубун кабыл алат.
Жарым финалдын алгачкы беттешинде "Ливерпуль" командасы "Романы" өз талаасында 5:2 эсебинде жеңип алган. Муну менен "Рома" бүгүнкү беттеште жок дегенде 3 гол айырмачылык менен жеңишке жетиш керек. Италиялык команда буга ишенет. Антпесе талаага чыгуудан не пайда? Конокто өткөргөн беттештеринде жеңилүү ызасын тартып келсе да, "Рома" өз талаасында мыкты ойной аларын чейрек финалда көргөзгөн.
"Романын" машыктыруучусу Эусебио Ди Франческо бул беттеште жеңип, финалга аттана турганына ишенет. "Оюнчулар жоопкерчиликтүү болуш керек, өзгөчө Эдин Жеко. Анткени ал команданын алдыңкы оюнчулардын бири. Жеко биринчи беттеште Салах ойногондой ойноп, беттештин тагдырын чечет деп ишенем. Биздин максат - финалга аттануу, Киевде ойноо. Бул еврокубокто биздин талаасыз да "Атлетико" кыйынчылыктарды тартуулады. Ал беттештен кийин биз өз талаабызда атаандаштарыбызды оңой эле жеңип жаттык, бул салт келе жаткан беттеште өзгөрбөйт деп ишенем", - дейт Ди Франческо.
Айтсак, бул ирет "Ромага" өз талаасында "Ливерпулду" жеңүү оңой болбойт. Анткени Юрген Клопп "Барселонанын" тагдырын көрүп, бул беттешке өзгөчө даярдык көргөн. Салах-Фирмино-Мане үчилтигине Ливерпулдагы беттеште "Романын" коргоочулары эч жете алган эмес. "Биз биринчи беттеште 2 гол өткөрүп жибергенден кийин айрым күйөрмандар бизди "эми жеңилип калат" деп ойлоп жатышат. Бирок бул андай эмес. Ал жөн гана биринчи беттеш болчу. Эгерде "Рома" өз талаасында 3:0 менен жеңишке жетсе, анда аларды финалга өткөнү менен куттуктайм. Бул спорт. Ошондой эле биз финалга өттүк деп айта албайм жана биздин жагдай оор деп дагы айтпайм. "Рома" өз талаасында жеңилбейт, биз болсо мелдеште жеңилүү ызасын тартып көрө элекпиз. Бардыгы ушул бойдон калса, биз финалга өтөбүз", - деп айтат Клопп.
"Рома" (Италия) - "Ливерпуль" (Англия)
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 2:5
Стадион: "Олимпико" (Рим шаары)
Калыс: Дамир Скомина (Словения)
Башталышы саат 00:45 (Бишкек убактысы боюнча).