Өлкөдөгү дааратканалар маселеси бардыгыбызга эле маалым болсо керек. Бул маселеге жайкы туристтик сезон башталганда өзгөчө көңүл бурулат. Карапайым калк жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган маселени кантип чечебиз деп баш катырып турган чакта, биз сиздерге дүйнө жүзүндөгү өзгөчө дааратканаларды тааныштырууну туура көрдүк.
Эң кооз даараткана
Дүйнөдөгү эң кооз даараткана Норвегияда жайгашкан. Аталган дааратканага кирүү акысы 2 миллион доллар турат. Эң эле кооз эмес, кымбат болгон бул даараткана 2018-жылдын 28-майында ачылат. Ал Хельгеландскюстен улуттук туристтик жолунда жайгашкан. Бул жерден Лофотен аралдарына эң мыкты көрүнүш ачылат.
Берлиндеги 8 бурчтуктар
XX кылымдын башында Берлинде сегиз бурчтуу дааратканалар модага айланган. Ал учурда Берлиндин көчөлөрүнө жүздөгөн 8 бурчтуктар коюлган, азыркы мезгилде алардын 30дайы сакталып калган, ондон ашыгы дагы да кызмат кылат.
Кафеге айланган даараткана
Франциянын Париж шаарында 1890-жылдары курулган даараткана 2013-жылы кафеге айланган.
Москва шаарындагы айнек шыптуу даараткана
Өзгөчө архитектуралык курулушка ээ болгон Москва шаарындагы коомдук дааратканалар 1930-жылы курулган.
Париждеги заманбап дааратканалар
2017-жылы Парижде мырзалар үчүн атайын өзгөчө дааратканалар курулган. Атайын темирден жасалган кутунун ылдый жагында саман салынган. Саманга аралашкан атайын каражаттар жагымсыз жыттын пайда болушун алдын алат.