Бүгүн, 2-майда Арменияда массалык митингге чыккан эл унаа жолдорунан тышкары темир жолдорду жана негизги аэропортко барчу трассаны жаап салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Армениянын борбору Ереван шаарында да миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты. "Митингге чыккан эл өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келген "Республика" партиясынын башкаруусунан чарчаганын айтып жатат. Алар экс-президент Серж Саргсян лидерлик кылган "республикачыларды" бийликтен толук кетирүү талабын коюшууда. Эл премьерди шайлоо адилетсиз өткөнүн айтып жатат. Ал эми шайлоодо бийликтеги фракциянын добушун ала албай жеңилүүгө учураган оппозиция лидери Никол Пашинян митингдерге башчылык кылууда", - деп жазышат басылмалар.
Белгилей кетсек, кечээ, 1-майда премьер-министрди шайлоодо оппозиция лидери, парламент депутаты Никол Пашиняндын талапкерлигин 45 депутат колдоп, 56 депутат ага каршы добуш берген. Ал бул жогорку кызматка сунушталган жалгыз талапкер болчу.
Армения мыйзамына ылайык, кийинки премьер-министрлик шайлоо 8-майга коюлушу керек. Азырынча бир да талапкер көрсөтүлө элек. Пашиняндын да талапкер болору ачыкталган жок.