Бүгүн, 2-майда НАТОнун аскердик кемелери Кара деңиздин аймагына кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кемелердин катарында Улуу Британия, Испания, Түркия, Германия, Румыния, Греция жана Болгариянын деңиз аскер кемелери бар. НАТОнун деңиз аскер командирлигинин маалыматы боюнча, кемелер Эгей деңизин көздөй окуу-машыгуу үчүн багыт алган.
"Жыл башынан бери НАТОнун кемелери Кара деңиздин аймагына бир нече ирет кирген. Февраль айында АКШнын аскер кемелери артиллериялык аткылоолорду өткөзүшкөн. Орусия муну "НАТОнун кемелери Орусияны кадам жасоого үндөөдө" деп баалаган", - деп жазышат басылмалар.