3-майга караган түнү футбол боюнча клубдар арасындагы Европа биринчилиги - Чемпиондор Лигасынын жарым финалы орун алды. Анда Рим шаарында италиялык "Рома" өз талаасында англиялык "Ливерпулду" кабыл алды.
"Олимпико" стадионунда орун алган беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн баштап италиялык команда бир нече кооптуу чабуулдарды жасап, бирок таамай болгон жок. Беттештин 9-мүнөтүндө "Романын" коргоочулары орто бөлүктө катачылык кетиргенден улам топту англиялык команда тартып алды, Роберто Фирмино атаандашынын айып аянтчасында топту Садио Манеге чыгарып берсе, Мане таамай сокку менен эсепти 0:1 кылып кетти. 15-мүнөттө "Ливерпулдун" оюнчулары өзүнүн айып аянтчасында бири-бирин түшүнбөй өз дарбазасына гол киргизип алышты. 26-мүнөттө "Ливерпуль" командасы кайрадан ийгиликтүү чабуул жасап, Жоржиньо Виналдум эсепти 1:2 кылды.
Бул кызуу беттеште талаа ээлери жеңилүү ызасын тартууну каалаган жок. 52-мүнөттө Эдин Жеко эсепти тең кылса, 86-мүнөттө жана 2-таймдын кошумча убакытта Ража Найнгголан айырмаланып, беттеш 4:2 эсебинде аяктап калды.
Ди Франческонун командасы жеңишке жеткени менен, 2 беттештин жыйынтыгында 6:7 эсеби катталып Чемпиондор Лигасынын финалына "Ливерпуль" өттү.
Эми, 26-майда Украинанын Киев шаарында клубдар арасындагы Европа биринчилиги - Чемпиондор Лигасынын финалында испаниялык "Реал Мадрид" менен англиялык "Ливерпуль" футболдук клубдары кездешет.