Армениядагы кезектеги премьер-министрди шайлоо күнү 8-майга дайындалды. Бүгүн, 3-майда оппозициядан элдик толкундоолорду жетектеп жаткан Никол Пашиняндын талапкерлиги көрсөтүлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2-майда Армениянын бийликтеги "Республика" партиясы жыйын өткөрүп, премьерликке талапкер көрсөтпөө жана оппозициянын талапкерин колдоо чечимин кабыл алды. "Парламент депутаттарынын үчтөн бири (кеминде 35 депутат) сунуштаган талапкерди колдоп беребиз. Биз талапкер чыгарбайбыз. 8-май күнү Арменияда мыйзамдуу түрдө шайланган өкмөт башчы болот", - деди парламенттеги "Республика" фракциясынын лидери Ваграм Багдасарян.
Ошондой эле Багдасарян митингчилерди жолдорду жаппоого, мыйзамдуулукту сактоого чакырды. Оппозиция лидери Пашинян да тарапташтарын 3-май күнү митингдер уюштурулбай турганын жарыялады. "Эми биз кезектеги премьер-министрди шайлоого даярданабыз. Ал күнү митингге 250 миң адам эмес, 500 миң адам чыгышы керек. Менин фейсбуктагы баракчамды күзөтүп тургула. Иш биз пландагандай өнүкпөсө жаңы чакырык жазылат", - деди оппозиция лидери.
Белгилей кетсек, Арменияда 1-майда премьер-министрлик шайлоо болуп, жалгыз талапкер болгон Пашинян керектүү добушту чогулта алган эмес. Эми ал экинчи ирет талапкер болуп чыкмакчы.