Лондондо өзгөчө робот-курьерлер ишке кирди
Лондондун "Starship Technologies" компаниясынын өзгөчө робот-курьерлери ишке кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аталган компаниянын негиздөөчүлөрүнө мындай өзгөчө роботторду чыгаруу идеясы 2016-жылы келген. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен 2017-жылы алгачкы роботту иштеп чыгышкан. Ал эми быйыл, 2018-жылдан тартып курьерлик кызматты аткарган роботторду шаардан көп эле кездештирүүгө болот. Компания өкүлдөрү тараткан маалыматка таянсак, жылдын соңуна чейин дагы 1000 роботтун ишке кирүүсү күтүлүүдө.
Робот кафе-ресторандардан түшкү тамак буйрук кылган адамдардын тамагын өз убагында жеткирип берет. Анын ичиндеги тамакты буйрук берген адам менен роботту көзөмөлдөгөн кызматкерлер гана ала алышат. Роботко 9 видеокөзөмөл орнотулган. Эгер көчөдөн кимдир-бирөө тарабынан уурдап кетүү аракеттери көрүлсө, дароо офистеги көзөмөлдөп отургандар кызматкерлерге белги берет.