АКШнын президенти Дональд Трамп "Нобель" сыйлыгына сунушталууда. Конгресстин 17 мүчөсү кол койгон расмий сунуштама "Нобель" комитетине жиберилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Конгресс мүчөлөрү АКШнын президентин Нобелдин "Тынчтык үчүн" сыйлыгына көрсөтүшкөн. "Дональд Трамп тынымсыз аракетинен жана күчтүү таасиринен улам Түндүк Корея өзөктүк курал программасынан баш тартты. Ошондой эле Корей жарым аралында тынчтык орното алды. Кытай менен да достук мамилеге жетишилди. Бул жылы дүйнөдө тынчтык орноткондугу үчүн Трамптан башка эч ким "Нобель" сыйлыгына татыктуу эмес", - дешет демилгечилер.
Эске салсак, 20-апрелде Түндүк Корея өзөктүк курал программасын токтотууга макул болгон. 27-апрелде болсо Түштүк Корея менен Түндүк Корея лидерлери тынчтык келишимине келишкен. Мындай позитивдүү иштерден улам Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин АКШ лидери Дональд Трампты 2019-жылдагы "Нобель" сыйлыгына татыктуу деп пикир билдирген. Маалыматтарга караганда, жакынкы күндөрдө Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен Дональд Трамптын жолугушуусу пландалууда.